Ноокен районунун Бөбүй айылында жаңы салынган ФАПтын имараты жана Кагазды айылында №38 Аким Тургунбаев атындагы орто мектебине кичи футбол аянтчасы пайдаланууга берилди. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.
Социалдык объекстилерди пайдаланууга берүү иш-чарасына райондун акими Таалайбек Ишенбеков, биринчи орун басары Жайнак Немат уулу, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жашоочулар катышты.
Белгиленгендей, аталган социалдык объектилердин курулушу Ноокен райондук өнүктүрүү фонду тарабынан каржылган.