Жалал-Абадда дем берүүчү гранттын эсебинен 6 социалдык объекти оңдоп-түзөө иши жүрүп жатат. Тагыраагы, үч бала-бакча, эки үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жана бир мектеп оңдолууда, — деп билдиришти жергиликтүү мэриядан.
Шаарда дем берүүчү гранттын эсебинен жүргүзүлүп жаткан курулуштардын сметалык баасы дээрлик 20 миллион сомду түзөт.