Алыскы аймактардагы үч балалуу үй-бүлөлөргө жөлөк пул берилет

Алыскы аймактардагы үч балалуу үй-бүлөлөргө жөлөк пул берилет. Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети тиешелүү мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды.

 

Документ жетүүгө кыйын аймактарда, чек ара тилкелеринде жана өзгөчө статусу бар аймактарда жашаган үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүүгө багытталган. Ага ылайык, үчүнчү бала үч жашка чыкканга чейин ай сайын жөлөк пул төлөнөт.

 

Мыйзам долбоорунун кабыл алынышы Кыргызстандын алыскы аймактарындагы демографиялык абалга оң таасирин тийгизет деп күтүлүүдө.