Ош шаарындагы Раимбеков көчөсү толук оңдоодон өткөрүлөт

Ош шаарындагы Раимбеков көчөсү толук оңдоодон өткөрүлөт. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, анын Масалиев проспектисинен Кара-Суу көчөсүнө чейинки тилкеси калыбына келтирилет.

 

Бул жерде асфальттын жаңы катмары төшөлүп, тротуарлар курулат. Андан тышкары, шаарды көрктөндүрүү максатында Раимбеков көчөсүндө жөө жүрүүчүлөр аймагын түзүп, отургучтар, таштанды челектери жана көчө жарыгын орнотуу пландалууда.