Малайзиянын премьер-министри Кыргызстанга расмий сапар менен келди

Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Аны “Манас” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров тосуп алды.

Сапардын алкагында жогорку жана бийик деңгээлдеги жолугушуулар пландаштырылган. Анын жүрүшүндө кыргыз-малайзия мамилелеринин саясий, соода-экономикалык, энергетикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда ар тараптуу өнүктүрүү маселелери талкууланат.