Түркмөнстандын президенти Кыргызстанга келди

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Кыргызстанга келди.

 

“Манас” эл аралык аэропортунан Түркмөнстандын президентин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

 

Сердар Бердымухамедов Кыргызстанга бүгүн Бишкекте өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн келди.

 

Быйыл Кыргызстан КМШга төрагалык кылууда.