Министрлер кабинети жазгы себүүө урук материалдарын сатып алууга каражат бөлөт. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, мындай чечим дыйкандарды колдоо максатында кабыл алынды.
Үрөн чарбачылыктары менен 40 келишим түзүлдү. Жалпысынан 4 тонна урук сатылып алынат, анын ичинде буудай, арпа, жүгөрү, беде, пахта, эспарцет жана картөшкө бар. Бул максатта 55 миллион сом жумшалат деп пландалууда.