“Айыл чарбасын каржылоо -11” долбоорунун алкагында жеңилдетилген насыя 7 миң 200дөн ашуун дыйканга берилди. 1-сентябрга карата берилген насыянын жалпы суммасы 3 миллиард сомдон ашты.
Айыл чарба министрлиги кабарлагандай, насыянын жарымынан көбү мал чарбачылык категориясы боюнча берилген. Эске салсак, Кыргызстанда дыйкандарга жеңилдетилген насыя берүү 2011-жылы башталган.