Кыргызстанда күйдүргү боюнча эпизоотиялык абал туруктуу

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги өлкөдө күйдүргү боюнча эпизоотиялык абал туруктуу экенин билдирди.

Мекеме 16-майда кабарлагандай, Ветеринардык кызматтын, Республикалык карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар борборунун адистери буга чейин бир кишиге күйдүргү жукканы айтылган айылга барып, иликтөө жүргүзүшкөн. Анда союлган малдын эти боюнча лабораториялык изилдөө жүрүп жатканы, анын жыйынтыгына карап чечим чыгарылары айтылган.

 

“Союлган мал күйдүргүгө каршы эмдөөдөн өткөрүлгөн. Кемин районунун Кароол-Дөбө айылынын аймагы таза, анткени мурда ылаңдын очогу катталган эмес”, — деп айтылат маалыматта.

 

Мунун алдында күйдүргү жуккан деген күмөн менен ооруканага түшкөн райондун 34 жаштагы тургунуна Бишкек шаарындагы Мамбет Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунда операция жасалганы белгилүү болгон.

 

Республикалык клиникалык инфекциялык илдеттер ооруканасынын жетекчиси Гүлжигит Аалиев “Азаттыкка” билдиргендей, бейтап Кеминде союлган малдын этин алганын айткан. Анын ириңдеп кеткен колуна операция жасалып, анализдери иликтенип жатат.

Ошондой эле Көк-Жаңгак шаарынын үч тургуну күйдүргүгө күмөн саналып, ооруканада жатканы да белгилүү болду. Алардын бири Көк-Жаңгакта, бири Бишкекте, бири Жалал-Абаддагы бейтапканада дарыланууда.

 

  • Күйдүргү — кишиге малдан жугуучу жугуштуу оору. Көбүнчө терини, ичеги-карынды, өпкөнү жабыркатат. Бул оору менен ылаңдаган малдын сөөгү өрттөлүп, терең казылган чуңкурга көмүлүп, бетондолуп, айланасы тосулууга тийиш. Оорунун очогу 100 жылга чейин ачылбай, адистер жылына эки ирет дезинфекциялап турушу зарыл.