Бишкекте быйыл 3 жаңы көпүрө пайда болот

Бишкекте быйыл 3 жаңы көпүрө пайда болот. Муниципалитеттен билдиришкендей, алардын бири Ауэзов көчөсүндө ЖЭБ каналы аркылуу курулса, экинчиси Аламүдүн дарыясы аркылуу Жибек Жолу проспектисинде салынат.

 

Үчүнчү көпүрө Шүкүров көчөсүндө Чоң Чүй каналында курулат. Бул долбоор Ахунбаев жана Медеров көчөлөрүн бириктирет.