Кыргызстанда «Топтолмо ипотека» аттуу жаңы социалдык долбоор ишке кирет

Кыргызстанда «Топтолмо ипотека» аттуу жаңы социалдык долбоор ишке кирет.

 

Бул багытта Мамлекеттик ипотекалык компания коммерциялык банктардын бири менен кызматташуу келишимине кол койду. Ага ылайык, жаран турак жайдын наркынын 30 пайызын атайын графиктин негизинде ай сайын толуктап, банкта топтойт. Андан соң банк күрөөсүз, үйдүн баасынын 20% өлчөмүндө 5 жылга жылдык 10% менен насыя берет. Калган 50%ды 8% менен Мамлекеттик ипотекалык компаниядан 15 жылга алса болот.

 

Долбоор расмий түрдө ушул жылдын күз айларында ишке ашат деп пландалууда.