АКШдагы университет мышыкка докторлук даража ыйгарды

АКШдагы университет мышыкка докторлук даража ыйгарды. Үй жаныбары бир нече семестр бою окуу жайдын коридорлорун кыдырып, студенттер жана кызматкерлердин сүймөнчүлүгүнө айланган.

 

Мышыкты бул жердегилердин дээрлик баары тааныйт. Ал өзүн көтөртүп, ойнотуп, селфи жасоого мүмкүнчүлүк берет. Жаныбар кампустун экскурсияларына да катышууну жакшы көрөт.

 

Университеттин кызматкерлери мүмкүнчүлүк жаралса, ага диплом тапшырууну убада кылышты.