Кыргызстандык жөө күлүк Илья Тяпкиндин Париж олимпиадасына алган жолдомосу жокко чыгарылды.
Дүйнөлүк жеңил атлетика уюму анын аты-жөнү жеңүүчүлөрдүн катарына жаңылыш жазылганын, мындан улам тизмеден өчүрүлгөнү маалымдады. Муну «Азаттыкка» Жеңил атлетика федерациясынын башчысы Канат Аманкулов тастыктап, Тяпкиндин рейтингдик көрсөткүчтөрү дал келбегендиктен ушундай чечим кабыл алынганын айтты.