Кыргызстандын клубдары оргтехника жана футбол аянтчалары үчүн атайын жабдыктарды алышты

Азия жана Европанын футбол конфедерациялары Кыргызстандын клубдарына оргтехника жана футбол аянтчалары үчүн атайын жабдыктарды тапшырышты.

Кыргызстандын футбол лигасынан билдиришкендей, жаңы ноутбуктар, принтерлер, проекторлор, лазердик линиялар жана экрандар клубдарга оюндарды сапаттуу анализдеп, окуу семинарларын өткөрүүгө шарт түзөт. Уюмдан белгилешкендей, ата мекендик клубдарда мындай атайын жабдуулар буга чейин жок болчу.