Германия курамасынын жарым коргоочусу жана “Манчестер Ситинин” капитаны Илкай Гюндоган “Барселонага” өттү

 

Германия курамасынын жарым коргоочусу жана “Манчестер Ситинин” капитаны Илкай Гюндоган “Барселонага” өттү. Футболчу 2016-жылы англиялык клуб менен түзгөн келишими ушул сезон менен соңуна чыкты.

 

Ал эми “Барселона” менен келишим зарыл болсо узартуу шарты менен 2 жылга эсептелди. Оюнчунун трансфердик баасы 400 миллион еврону түздү. Эске салсак, Илкай Гюндоган “Сити” үчүн 51 беттеш өткөрүп, 11 гол киргизген.

 

5 жолу Англия чемпиону болуп, быйыл биринчи ирет Чемпиондор Лигасын багындырды.