Улуттук банк 31 миллион 500 миң доллар сатып алды. Бул тууралуу банктын сайтында маалымдалат. Өлкөнүн башкы каржы мекемеси ушуну менен жыл башынан бери 7-ирет интервенция өткөрүүдө.
Эске салсак, бул каржылык операция валюта серпилүүсүн токтотуу максатында жасалат. Соңку күндөрү доллардын куну солгундап, сомдун бекемделиши байкалууда.