Бишкекте жол курууга 4 миллиард 600 миллион сом багытталат

Бишкекте жол курууга 4 миллиард 600 миллион сом багытталат. Анын 1,5 миллиард сомун жергиликтүү бюджет бөлүп берсе, 3 миллиардын Кытай тартуулайт. Мындай маалымат ордо калааны социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасында жазылат.

 

Белгилеп кетсек, курулуш 3 этап менен жүргүзүлөт. Иштер толугу менен 2026-жылы аяктайт деп пландалууда.