Кыргызстан арзан бензиндин баасы боюнча дүйнөдө 26-орунда турат

Кыргызстан 150 өлкөнүн ичинен дизелдин арзан баасы боюнча дүйнөдө 26-орунда турат. Мониторинг жүргүзгөн аналитикалык ресурстун маалыматына ылайык, биздин өлкөдө дизель майынын орточо баасы литрине 81 центти түзөт. Ал эми дүйнөдө орточо баа 1 доллар 20 цент.

 

Дизель майына эң төмөнкү баа мунай өндүрүүчү өлкөлөрдө: Венесуэла, Иран жана Ливияда катталган. Эң жогору Исландия, Борбордук Африка Республикасы жана Гонконгдо.