Пенсиянын алдыдагы жогорулатуусу боюнча премьер Акылбек Жапаров дагы маалымат берди.
Министрлер кабинетинин жетекчисинин айтымында, ушул жылдын 1-октябрынан тарта Социалдык фонд тарабынан белгиленген пенсия азыркы өлчөмдөн 72 пайызга жогорулап, 6 мин 800 сомдон кем эмес болот. Муну менен бийлик Конституцияда жазылган норманы ишке киргизүүдө.
Анда пенсия, социалдык пособие жана башка социалдык жардам жашоо минимумунан төмөн болбошу керек деп кепилденет.