Парламент пенсиялык куракты жогорулатуу мыйзам долбоорун четке какты

Парламент «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамына өзгөртүү киргизүү долбоорун эки окууда четке какты.
Депутаттар Балбак Түлөбаев менен Адахан Мадумаров биринчи окууда бир канча нормаларды өзгөртүү шарты менен колдоп беришкенин эске салып, бирок бүгүн эч нерсени өзгөртпөй ошол эле документти алып келишкенине наарызы болушту. Мындан улам четке кагууну сунуштап, кесиптештери колдоп беришти.
Эми аталган мыйзам долбоорун алты айдан кийин кайра ЖКнын кароосуна киргизсе болот.
Долбоордо эмне сунушталган эле?

Төмөнкү категориядагы жарандардын пенсияга чыкчу курагы узартылат:

мамлекеттик граждандык жана муниципалдык кызматтарды ээлеген аялдар — 58ден 60 жашка чейин;
бийик тоолуу шартта жашаган жана иштегендер — эркектер 55тен 58ге, аялдар 50дөн 53 жашка чейин;
бийик тоолуу шартта жашаган үч жана андан көп балалуу аялдар — 45тен 48 жашка чейин.
Бул жаш курак дароо эмес, 2023-жылдан баштап жылына бир жаштан кошулат.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштеген учурда пенсиянын базалык бөлүгүн гана берүү (учурда толук өлчөмдө алат) демилгеленген.
Реформадан кийин орточо пенсиянын суммасы 15 пайызга жогорулап, эң төмөнкү пенсияны 3 170 сомго жеткирүү пландалган.