Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия көбөйтүлүшү мүмкүн

Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия көбөйтүлүшү мүмкүн. Социалдык фонд министрлер кабинетинин токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Ведомство пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн көтөрүүнү сунуштап жатат.

 

Базалык бөлүгү тууралуу документте айтылган эмес. Каражаттын камсыздандыруу бөлүктөрү индексациялоо коэффициентинин жогорулашына байланыштуу эң аз дегенде 500 сомго көбөйөт.

 

Пенсияны көтөрүү Соцфонддун бюджетинде каралган чектин негизинде, жыл сайын жасалып турат. Ведомство буга 3 миллиард 900 миллион сомду жумшайт.