Килиан Мбаппе мадриддик “Реалга” 1-июнда расмий түрдө которулат.
Бул күнү испан клубу дортмундук “Боруссия” менен жолугат. Франциялык футболчунун презентациясы август айына, Европа чемпионаты жыйынтыкталгандан кийин белгиленди.
Эске салсак, Мбаппе 2017-жылдан бери ПСЖда ойноп келет. Анын келишими 30-июнда аяктайт.