Кыргызстандык волейболчулар Париждеги Олимпиадага жолдомо үчүн ойнойт

Кум үстүндөгү волейбол боюнча Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасы Парижде өтө турган олимпиада оюндарына лицензия алуу үчүн күрөшүн улантат.

2023-жылдын сентябрь айында кыргызстандык курама команда тандоонун алдын ала беттешинде экинчи орунду ээлеген. Бул жыйынтык команда үчүн олимпиадага тандоонун финалдык бөлүгүнө чыгууга мүмкүнчүлүк берген.

 

Олимпиадага тандоонун финалдык бөлүгү 16-22-июнь күндөрү Кытайда өтөт.

 

«Былтыр чет өлкөлүк машыктыруучунун жетекчилиги астында үч жупту дайындадык. Бул жолкусунда дагы 2 жупту кошууну көздөөдөбүз. Турнирге даярдыкты май айында баштайбыз. Машыгуу Бишкекте, Ысык-Көлдө өтүп, андан тышкары, Казакстанда боло турган турнирге барууну пландап жатабыз» , — деп билдиришти Волейбол федерациясынан.