Лионель Месси Түштүк Америкада өткөн жылдын мыкты футболчусу аталды

Лионель Месси Түштүк Америкада өткөн жылдын мыкты футболчусу аталды. Оюнчулардын рейтингин Футбол тарыхы жана статистика боюнча эл аралык федерация түздү.

 

Ал эми мыкты дарбазачы наамына Эмилиано Мартинес татыды. Мыктылардын тизмесине ошондой эле Неймар жана Хулио Альварес кирди. Коргоочулардын арасында Кристиан Ромеро жана Тьяго Силва бар. Ал эми мыкты жарым коргоочулар катары Энцо Фернандес жана Каземиро аталышты.