Дүйнөнүн эң кымбат футбол клубдары аталды

Дүйнөнүн эң кымбат футбол клубдары аталды. Forbes басылмасынын версиясы боюнча биринчи орунда азыркы Чемпиондор лигасынын финалчысы – мадриддик “Реал” жайгашат.

 

Клубдун жалпы наркы 6 миллиард 600 миллион долларды түзөт. Экинчи позицияда “Манчестер Юнайдет” турса, үчилтикти каталондук “Барселона” бекитет. Эң кымбат клубдар тизмесине ошондой эле “Ливерпуль”, “Манчестер Сити”, “Бавария” жана ПСЖ кирди.