Денис Петрашов төртүнчү ирет Азия чемпиону болду

Кыргызстандык сууда сүзүүчү Денис Петрашов Филиппиндин Нью-Кларк-Сити шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында экинчи алтын медалын утту. Спортчу брасс ыкмасы менен 200 метрге сүзүүдө алтын медалга ээ болду.

 

Эске салсак, ал 27-февралда брасс ыкмасы менен 50 метрге сүзүүдө жеңишке жеткен. Петрашов муну менен Азиянын төрт жолку чемпиону болду.