Кыргызстандык эки балбан Египетте өтүп жаткан эл аралык мелдеште коло байгеге татыды.
Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында маалымдалды.
Мелдеш ушул күндөрү Александрия шаарында өтүүдө.
Анда грек-рим күрөшү боюнча Сыймык Махмудов коло үчүн кармашта казакстандык Мадияр Мальтекбаевди 9:0 эсебинде утуп алды.
Ал эми Раззак Бейшекеев индиялык Ашу аттуу балбанды 8:0 эсебинде артта калтырып, коло медаль тагынды.
Турнирге Кыргызстандын эркин жана кыз-келиндер курамасы да катышып жатат.