Адамдын мээси мурда эсептелгенден 10 эсе көп маалыматты сактайт

Адамдын мээси мурда эсептелгенден 10 эсе көп маалыматты сактайт. Калифорниянын биологиялык изилдөөлөр институтунун адистери мээ компьютерге караганда көбүрөөк маалыматты сактай алат деген тыянакка келишти.

 

Окумуштуулар келемиштердин гиппокампынын нейрондук байланыштарын изилдешти. Мээнин бул бөлүгү эмоциялар, үйрөнүү жана эс тутум үчүн жооптуу.

 

Ага ылайык, мээде сактала турган маалыматтын көлөмүн аныктоо үчүн атайын модель иштелип чыккан. Өлчөө бирдиги бит болгон. Жалпы маанини эсептөө менен илимпоздор ар бир мээ бир петабайтка барабар маалыматты кармоого жөндөмдүү экенин аныкташкан. Техника менен салыштыра турган болсок, дүйнөдөгү бардык веб-сайттар дээрлик 5 петабайтты ээлейт.