Кытайдагы мектепте 12 жуп эгиз 1-класска келишти

Кытайдагы мектептердин биринин мугалимдери адаттан тыш жагдайга күбө болушту. Окууга кабыл алуунун натыйжасында алар бир эле учурда 12 жуп эгиз 1-класска келгендигин аныкташты.

 

Мектеп жетекчилиги кеңешип, эгиздердин баарын бир класска кабыл алууну чечишкен. Мугалимдер муну менен балдардын мектеп жашоосуна ыңгайлашуусу алда канча ыңгайлуу болот деп эсептешет.