Немис машыктыруучусу Ханс-Дитер Флик “Барселонаны” жетектеди

Немис машыктыруучусу Ханс-Дитер Флик “Барселонаны” жетектеди. Аны менен келишим 2026-жылдын 30-июнуна чейин түзүлдү. Клубдан белгилешкендей, Флик күчтүү прессинги жана чабуулдары менен белгилүү.

 

Эске салсак, Флик буга чейин Германия курамасын, “Хоффенхайм” жана “Бавария” клубдарын машыктырган. Акыркылар менен ал Германия чемпионатын, өлкөнүн Суперкубогун, Чемпиондор лигасын жана УЕФА кубогун багындырган.

 

“Барсанын” буга чейинки машыктыруучусу Хави 24-майда кызматтан алынды.