Учурдагы «Алтын топтун» ээси Карим Бензема сезондун аягында «Реалдан» кетет. Француз футболчусу менен коштошуу салтанаты эртең болот.
Маалым болгондой, Чемпиондор Лигасынын беш жолку жеңүүчүсү Сауд Аравиясына барып, «Аль-Иттихад» клубунда кеминде эки жыл ойнойт.
Бейрасмий маалыматтарга караганда, футболчуга Жакынкы Чыгышта жылына 100 миллион евродон ашык акча сунушташкан.