Кыргызстандагы үч округ боюнча ЖК депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү аяктады

Кыргызстандагы үч округ боюнча парламент депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү аяктады.

 

Борбордук шайлоо комиссиясынан такташкандай, жалпысынан 44 жаран арыз берди. №29 Свердлов округу боюнча 12 талапкер, анын ичинен 2 аял, №5 Ноокат округу боюнча 12 талапкер, анын ичинен 1 аял жана №36 Ысык-Көл округу боюнча 20 талапкер.

 

Талапкерлер эми 2-июнга чейин документтерин тапшырышы керек. Шайлоо 30-июнда өтөт.