Кыргызстан менен Кытай «Бедел» өткөрмө бекетин ачышы мүмкүн

Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда Бедел ашуусу аркылуу жаңы жол куруу жана өткөрмө бекет ачуу боюнча сүйлөшүү жүрүүдө. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Кытайга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында белгилүү болду.

 

Маалыматка ылайык, эки өлкө ортосунда жол куруу, жаңы аба каттамдарын ачуу мүмкүнчүлүктөрү каралып жатат.

 

Буга чейин Садыр Жапаровдун Кытайга сапарынын алкагында 25тей документке кол коюлганы айтылган.