Кара-Суу базары толугу менен мамлекеттин менчигине өтөт

Ош облусундагы Кара-Суу базары толугу менен мамлекеттин менчигине өтөт. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев билдиргендей, аталган базар эми мыйзам чегинде тартипке салынат.

 

Маалыматка ылайык, бул жерде жаз келери менен ири соода борборлору курулат.