Сузакта милиция эки мектептин жана айыл өкмөтүнүн имаратында желекти өрттөгөндөрдү издеп жатат

Белгисиз адамдар Сузак районундагы №4 Б.Шамшиев атындагы жана №88 С.Атабеков атындагы орто мектептердин жана Атабеков айыл өкмөтүнүн имаратына илинген мамлекеттик желектерди өрттөп, ордуна араб жазуусу бар ак матаны илип кетишкен. Бул мектептерде окутуу кыргыз жана өзбек тилдеринде жүрөт.

 

Облустук милициянын маалыматында, окуя 30-майга оогон түнкү саат 3:20-4:00 чамасында болгон. Саат таңкы 04:15 чамасында Сузак райондук милициясына Бек-Абад айылынын тургуну айылдык мектепке араб жазуусу бар ак мата илинип калганын маалымдаган.

 

Нөөмөттөгү милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барып, ушундай эле арабча жазуусу бар ак желек эки мектепке жана Атабеков айыл өкмөтүнүн имаратына илингенин, белгисиз бирөөлөр желектерди өрттөп салышканын аныкташкан.

Милиция бул окуя боюнча иликтөө жүргүзүп, желектерди өрттөп, ордуна ак мата илген адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатканын кабарлады.