Килиан Мбаппе мадриддик “Реал” менен келишим түздү

Килиан Мбаппе мадриддик “Реал” менен келишим түздү. Бул тууралуу спорт журналисти Фабрицио Романо билдирди. футболчунун клубка өтүүсү үчүн бардык документтерге кол коюлду.

 

Ал эми трансфер тууралуу расмий билдирүү ушул жумада болот. Франциялык чабуулчу “Реалга” ПСЖдагы эң мыкты сезонунан кийин өттү – Мбаппе 48 беттеште 44 гол киргизген.