ПСЖнын чабуулчусу Килиан Мбаппе Франция чемпионатынын ноябрь жана декабрь айларындагы эң мыкты оюнчусу деп табылды.
24 жаштагы футболчу Франциянын футболчулар союзунун сайтындагы добуш берүүнүн жыйынтыгында жеңишке жетти.
Сурамжылоо 2022-жылдагы дүйнө чемпионатына байланыштуу тыныгуудан улам эки айдын жыйынтыгы боюнча өттү.
Ноябрь, декабрда Мбаппе үч беттеште 2 гол киргизген.
Ага сурамжылоого катышкандардын 39 пайызы добуш берген.