Бүгүнтөн тарта биринчи класска каттоонун экинчи этабы башталат

Бүгүнтөн тарта биринчи класска каттоонун экинчи этабы башталат. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, анын алкагында баланы жашаган жери боюнча мектепке каттаса болот.

 

Биринчи этапта 70 миңдей окуучу кабыл алынды. Бишкекте 6 мектепте орун калган жок, алар №26, 70, 29, 20, 13, 17-мектеп гимназиялар.