Быйыл 25 миңдей мугалим кесиптик билимин тереңдетти

Быйыл июнь-август айларында өлкө боюнча 25 миңдей педагог кесиптик чеберчилигин жогорулатууга багытталган “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында окуудан өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Долбоор Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда. Аталган мекеме 33 миң мугалим тренингден өтөрүн билдирди.

Мугалимдер «Санариптик сабаттуулук”, “Инновациялык педагогикалык технологиялар”, «STEM билим берүүнүн негиздери” жана “Коррекциялык окутуунун техника жана ыкмалары”программалары боюнча окуп, билимдерин тереңдетишти.

Окутуулар гибриддик форматта — онлайн жана реалдуу режимде жүргүзүлдү. Калган педагогдор октябрь, ноябрь айларында жана 2024-жылдын март, май, июнь айларына белгиленген тренингдерге катышат.

Соңку учурда билим сапатын көтөрүүдөн мурда мугалимдердин билим деңгээлине көңүл буруу, алардын кадыр-баркын жогорулатуу зарыл деген пикир көп айтылып келет.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, быйыл өлкөдө 150 миңдей бала 1-класска барды. 42 жаңы мектеп пайдаланууга берилип, төрт спорт зал ачылды. 2350 мектепте 1,5 миллиондой окуучу билим алууда. Мугалимдердин саны 74 миңдин тегерегинде. Министрлик алыскы аймактарда 300дөй мугалим жетишпей турганын билдирген.