Жалал-Абад шаарында 300 орундуу заманбап кинотеатр курулууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, объект шаардын Спутник кичи районундагы Түмөнбай Байзаков атындагы парктын аймагына салынып жатат.
Курулуш республикалык бюджеттен Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн каражаттын эсебинен жана жергиликтүү бюджеттен каржыланууда.