Түркиянын Элазык шаарында Чыңгыз Айтматов атындагы сейил бак жана анын урматына орнотулган монумент ачылды. Бул тууралуу Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Белгиленгендей, иш-чара залкар жазуучунун 95 жылдыгына арналган.
Долбоор Түркиянын Малатия шаарындагы Исмет Инону университетинин профессору Закир Азизов менен Элазыктагы “Манас” басмасынын башкы координатору Шенер Булут тарабынан демилгеленген.