Кыргызстанда комуз күнү белгиленет

Кыргызстанда 9-сентябрда комуз күнү белгиленет. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, быйылкы иш-чара залкар комузчу Карамолдо Орозовдун 140 жылдык мааракесине арналат.

 

Маалыматка ылайык, бул күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Улуттук тарых музей тарабынан көчмө көргөзмө, Кинематография департаменти тарабынан Карамолдо Орозов тууралуу 10 мүнөттүк чакан тасма көрсөтүлүп, салттуу музыка өнөрүнүн алып жүрүүчүлөрү жана комузчулардын катышуусунда чоң программадагы концерт өтөт.