Үч-Коргон ГЭСиндеги №4 гидроагрегатты оңдоо иштери уланууда

Үч-Коргон ГЭСиндеги №4 гидроагрегатты оңдоо иштери уланууда.

 

Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, үч айдын ичинде бул жерде бир катар иштер аткарылды. Тактап айтканда, эскирген жабдуулар демонтаждалып, монтаждоо иштери башталды.

 

Мекеме энергетиктердин негизги максаты калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн күз-кыш мезгилине даярдык көрүү экенин белгилейт. Ага чейин Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоону аяктоо милдети турат.