Бала-Саруу ГЭСинин курулушу декабрь айынын аягына чейин бүтөт

Бала-Саруу ГЭСинин курулушу декабрь айынын аягына чейин бүтөт.

 

Бирок энергетика министри Таалайбек Ибраев объектти ишке киргизүү үчүн Киров суу сактагычында суу жок экенин билдирди. Мындан улам, аталган ГЭС быйыл пайдаланууга берилбейт.

 

Чиновник түшүндүргөндөй, ГЭСтин кубаттуулугу 25 мегаватт, бирок быйыл беш мегаватт да иштеп чыгуу мүмкүн эмес.

 

Эске салсак, Бала-Саруу ГЭСинин курулушуна капсула былтыр салынган. Курулуш иштерине дээрлик 2 миллиард сом бөлүнгөнү маалымдалган.

 

Гидроэлектрстанция жылына 90 миллион киловатт-сааттан ашык электр энергиясын иштеп чыгара тургандыгы күтүлүүдө.