Норвегияда робот-жардамчы пайда болду

Норвегияда робот-жардамчы пайда болду. Ал үйдөгү күнүмдүк иштердин көбүн жасайт. Алсак, чаңды сүртүп, пол жууп, чачылган нерселерди жыйнай алат.

 

Бийиктиги дээрлик эки метр, салмагы 86 килограмм болгон акылдуу механизм дөңгөлөктүү платформада жылып, саатына 14 километрге чейин жүрөт.

 

Робот бардык манипуляцияларды жасалма интеллекттин көзөмөлү астында автономдуу түрдө аткарат. Аны ойлоп тапкандар техника келечекте жумушчу күчүнүн тартыштыгын чечүүгө жардам бере алат дешүүдө.