Бишкектеги 40ка жакын мектепте лагерлер ачылды

Бишкектеги 40ка жакын мектепте лагерлер ачылды. Муниципалитеттен такташкандай аларга 4 миңден ашык окуучу катыша алат.

 

Лагердерде 70 ийрим уюштурулуп, спорттук иш-чараларды өткөрүү үчүн футбол, волейбол, баскетбол жана чуркоо аянтчалары даярдалган. Ар бир лагерге медициналык кызматкерлер бекитилген. Балдарды коргоо да камсыз кылынат.