Этникалык кыргыздар үчүн жогорку окуу жайларга кабыл алуунун мөөнөтү 19-августка чейин узартылды

Этникалык кыргыздар үчүн жогорку окуу жайларга кабыл алуунун мөөнөтү 19-августка чейин узартылды. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздар үчүн 75 квота бөлүнгөн.

 

Сынакка Казакстан, Кытай, Өзбекстан, Тажикстан, Түркия жана Пакистандын жарандары катыша алат. Талапкерлер student.edu.gov.kg онлайн системасында каттоодон өтүшү керек.