Бишкекте оңдоо иштерине байланыштуу бир катар аймактарда жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу “Бишкекгаз” газ кызматы кабарлады. 10-12-июнда Көлбаев, Калинин, Жеңиш проспектиси, Ауэзов, Токмок, Лермонтов, Киров, Чапаев көчөлөрүндө газ өчөт.
Ал эми 11-13 июнда көгүлтүр от Төрөкул Айтматов, 7-Апрель көчөлөрүндө жана Чүй проспектисинде жок болот.