Кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрмө пункттары убактылуу жабылат.
Чек ара кызматынан билдиришкендей, бекеттер кытай тараптын демилгеси менен 1 күнгө иштебейт. Ага ылайык, транспорт, жүк ташуучу унаалар жана жөө жүргүнчүлөрдү өткөрүү 11-июндан тарта жанданат.