Бишкекте бул жумада “Маяк” рейди жүрөт. Кайгуул милиция кызматынан билдиришкендей, иш-чаранын максаты – айдоочуларга медициналык тез жардам жана өрт өчүрүү кызматтарынын унааларын өткөрүү канчалык маанилүү экенин эскертүү.
Атайын транспорттун белгилерине баш ийбеген айдоочулар 10 миң сомго айыпка тартылат.